УКМК Сириядагы террорчуларга акча чогултуп жүргөн эл аралык уюмдардын мүчөсүн кармады
Бөлүшүү:
УКМКнын кызматкерлери эл аралык террористтик уюмдардын каржылоочусун кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгиленгендей, 26-октябрда эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын алкагында УКМКнын кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган И.Н., аттуу жаран кармалган.
Кармалган адам террористтердин лидерлеринин көрсөтмөсү боюнча андан ары Сирияда согушуп жаткан бандиттик түзүлүштөргө жөнөтүү үчүн акча чогултуп жүргөнү аныкталды.
Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×