УКМК Садыр Жапаровдун бир тууганы менен Амангелди Артыковду кармады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаровду жана активист Амангелди Артыковду кармады. Алар 2-мартта Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровду колдоо митингине келишкен.
Буга чейин УКМК митингди уюштуруучулардын бири Каныбек Осмоналиевди кармаган.
УКМКнын билдиришинче, 2-мартта атайын кызматка митингдин катышуучулары менен уюштуруучулары алынып келген. Атап айтканда Осмоналиев, Жапаров, Артыков жана башкалар бар. Маалыматка ылайык, алар митинг учурунда Жапаровдун айрым тарапташтары менен баш аламандык уюштуруп, митингчилерге чагымчылдык кылып, укук коргоо органдарынын буйругуна баш ийбей, аларга таш ыргытышкан. Андан сырткары Ак үйдүн аймагына кирүүгө аракеттерди көргөн.
Учурда аталган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга аракет көрүү” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.
Эске салсак, 2-мартта Ала-Тоо аянтында митинг болуп, чогулгандар абактагы Садыр Жапаровду актап, чыгарууну талап кылган. Саат 13:00дө башталган митинг дээрлик саат 18:00гө чейин уланган. Бирок уюштуруучулар саат 17:00гө чейин гана уруксат алышкан. Аянттан тарабаган элди укук коргоо органдары күч колдонуп, кууп таратышкан. Митингчилерди таратуу учурунда укук коргоо органдарына карата таш ыргытуу болгон.
ИИМдин жеке курамын күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-sadyr-zhaparovdun-bir-tuugany-menen-amangeldi-artykovdu-karmady
Добавить комментарий ×