УКМК: Райымбек Матраимов кармалды
Бүгүн, 20-октябрында УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдириет.
"Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келинди.
2016-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин, төраганын мурунку орун басары Р.Матраимов, бажы кызматнын башка кызмат адамдары жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү көзөмөлдөнгөн органдар менен бирлдикте көмүскө кирешелерди алуу үчүн коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Матраимовдун бажы кызматындагы ишмердигин текшерүүгө жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-rajymbek-matraimovdun-karmalganyn-kabarlady
Добавить комментарий ×