УКМК: Малик деген каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Базар-Коргон районунан ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ж.А.Эни опузалап акча алганы үчүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Малик деген каймана аты бар Ж.А.Э. коркутуп-үркүтүү жолу менен жеке ишкерден 80 миң сомун, алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун тартып алган. Жалпы келтирилген чыгым 100 миң сомду түзгөн. 3-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө Ж.А.Э. кармалды.
Ал Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды.
Иликтөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-malik-degen-kajmana-aty-bar-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy
Добавить комментарий ×