УКМК маалыматтарды жашыруун алыш үчүн пайдаланылган жабдыктарды тапты

27 май 2019 15:56 947 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) К.Д. аттуу жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү иштери  Жазык кодексинин 252-беренесинин 2-бөлүмүндө («Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу») каралган кылмыштардын белгилери боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында жүрүп, натыйжада Кыргызстандын аймагында тыюу салынган, маалыматтарды жашыруун алуу үчүн пайдаланылган атайын техникалык жабдыктар табылган.

Азыркы убакта кылмыш ишинин негизинде тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-maalymattardy-zhashyruun-alysh-chn-pajdalanylgan-zhabdyktardy-tapty



Добавить комментарий