УКМК мамлекетке келтирилген 26 миллион 408 миң сомду кайтарды
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик бюджетке 26 миллион 408 миң 750 сом которду. Бул тууралуу УКМК Басма сөз борбору билдирди.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзулгөн иш-чаралардын негизинде, КР УКМК ККК айрым коммерциялык компаниялардын калкка байланыш кызматын сатуудагы салык төлөмдөрүн төлөөдөн качкан схемасын аныктады. Бул материалдар боюнча коммерциялык компанияалардын биринде жүргүзүлгөн салыктык текшерүү иштеринин алкагында, КР УКМК ККК Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.
Жыйынтыгында мамлекетке 26 миллион 408 миң 750 сом зыян келтиргени аныкталды. 2020-жылдын 30-январында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “экономикалык жана кызматтык кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу, акчалай каражаттарды топтоштуруу жана эсепке алуу үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеби” аркылуу мамлекеттик бюджетке 26 миллион 408 мин 750 сом которулду.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-kkk-mamlekettik-byudzhetke-26-million-408-min-750-som-kotoruldu
Добавить комментарий ×