УКМК көчөт боюнча тергөө баштады

28 май 2018 22:50 1003 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көчөттөрдү сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМК 2018-жылдын 25-апрелинде козголгон “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, 304-беренесинин 2-бөлүгү жана 306-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат.

Такталган маалымат боюнча, 2017-жылы 23-октябрда көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9090 сомдон сатып алуу үчүн «Арт Грин» ЖЧК менен келишим түзүлгөн. Бекитилген бюджеттик пландын негизинде ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 2017-жылга карата май айында 60 000 000 сом каралган.

2017-жыл аралыгында «Арт Грин» ЖЧК менен жалпы суммасы 18 615 980 сомго барабар 4 келишим түзүлгөн.

Мындан сырткары «АГТ Азия» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 8 948 816 сомдук 2 келишим жана «Зиар Строй» ЖЧК менен 14 481 000 сомдук 6 келишим түзүлгөн. Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-kcht-boyuncha-terg-bashtady



Добавить комментарий