УКМК: Бишкекке Оштон куралдуу атайын бөлүктүн келгени тууралуу маалымат жалган
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарга тарап жаткан “Оштогу УКМКнын башкармалыгынан атайын бөлүк келди” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады.
“Бүгүнкү күндө УКМК эч кандай атайын операцияларды жүргүзгөн жок же болбосо атайын бөлүктөрдү жылдырган жок. УКМК бул маалыматты “фейк” деп эсептейт жана өлкөдөгү коомдук-саясий жагдайды чыңалтууга кылган аракет деп баалайт”,-дейп айтылат бүгүн 26-июнда УКМК ЖМКларга тараткан маалыматта.
УКМК бул маалыматты ким таратканын иликтөөгө алат.
Ошондой эле аталган ведомство жалган маалымат таратууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын боюнча жоопкерчилик караларын эскертет.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-bishkekke-oshton-kuralduu-atajyn-blktn-kelgeni-tuuraluu-maalymat-zhalgan
Добавить комментарий ×