УКМК: Бийликти басып алгысы келген топтун ишине бөгөт коюлду

26 ноябрь 2021 13:15 2107 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Атайын кызматтын кызматкерлери парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууну уюштурган тараптар бар экени тууралуу маалыматты алган.

Аталган факты Кылмыш кодексинин 38-309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча катталган.

Деструктивдүү топтун курамында Жогорку Кеңештин депутаттары жана жогорку даражалуу чиновниктер дагы бар экени тууралуу далилдер алынган.

Тергөөнүн версиясы боюнча шайлоонун жыйынтыгы айтылгандан кийин утулуп калган бир катар саясатчылар Бишкекте массалык нааразылык акцияларын уюштурууну пландашкан. Андан соң провокация кылып, митингге чыккандар күч органдары менен кагылышып бийликти басып алышмак.

Топ 1000дей жаш жигиттерди топтогон. Алар башаламандык уюштурушмак.

26-ноябрда иликтөөчүлөр активдүү катышуучулардын үйүнө жана мекемелерине тинтүү уюштурушту. Күч органдары кылмышка даярдык боюнча документтерди, куралдарды, ок-дарылар менен баңгизаттарды табышты.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-bijlikti-basyp-algysy-kelgen-toptun-ishine-bgt-koyuldu



Добавить комментарий