УКМК: Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт алынган жок

28 июнь 2019 10:06 1216 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт алынган жок.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Азыркы учурда УКМКнын Тогузунчу кызматынын тиешелүү кызматкерлери экс-президентти кайтарууну улантууда.

“Мурдагы өлкө башчысынан мамлекеттик күзөт алынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бүгүн эртең менен нөөмөт алмашкан, ушуга байланыштуу күзөттү алып салышты деген маалымат чыгышы ыктымал. Зарыл болгон учурда күзөт күчөтүлөт”,-деп маалымдайт УКМК.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевден мамлекеттик күзөт алынды деген кабар тараган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-almazbek-atambaevden-mamlekettik-kzt-alyngan-zhok



Добавить комментарий