УКМК айыл чарба министринин мурдагы орун басарларын кармады

27 октябрь 2021 10:00 1759 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айыл чарба министринин мурдагы орун басарларын кармады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.

26-октябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары М. И.,ошондой эле мурдагы дагы бир орун басар И. А. С. кармалып, камалды.

Иликтөөнүн версиясы боюнча кызмат адамдары менен айрым компаниялар акча табыш үчүн сүйлөшүп алышып өлкө чегинен тышкары айыл чарба азыктарын ташып кетүүгө жасалма бөгөт түзүшкөн.

Тергөө бул боюнча талашсыз далилдер бар экенин дагы кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-ajyl-charba-ministrinin-murdagy-orun-basarlaryn-karmady



Добавить комментарий