Жети-Өгүз районунда кулпунай кабыл алуу пункту уюштурулду
Бөлүшүү:
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти экспорттоочулар менен биргеликте иш алып барды.
Натыйжада, Жети-Өгүз районунда кулпунай кабыл алуу пункту уюштурулуп, дыйкандар өз продукциясын ошол жерге өткөрүп берүү менен экспортко жөнөтө алышат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
Министрлик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана продукцияны сатуунун туруктуу каналдарын камсыз кылуу багытындагы иш-чараларды улантат.
+996 502 805 676 Нурболот (Кулпунайды кабыл алуучу).
Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gz-rajonunda-kulpunaj-kabyl-aluu-punktu-uyushturuldu
Добавить комментарий ×