УКМК: 6-октябрда мыйзамсыз бошоп кеткендер өз каалоосу менен келбесе өзгөчө чара колдонулат

12 октябрь 2020 15:23 673 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМК 6-октябрда мыйзамсыз бошотулган С.Исаков, А.Ибраимов, С.Куланбаев, Б.Куланбаевге берилген өргүүнүн мөөнөтү бүгүн аяктай турганын айтып, аларды жаза аткаруу мекемелерине кайрылып келүүсүн өтүндү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан “Барометрге” билдиришти.

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 97-беренесинин негизинде, 2020-жылдын 6-октябрында түзөтүү мекемесинен чыгып, кайра мурда жазасын өтөгөн мекемелерге кайтып келүүгө уруксат берилген адамдарга кайрылат. Талаптар аткарылбаса, укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрүшөт”, -деп айтылат маалыматта.

“Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев ден-соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат”, -деп кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-6-oktyabrda-myjzamsyz-boshop-ketkender-z-kaaloosu-menen-kelbese-zgch-chara-koldonulat



Добавить комментарий