Тосмо арызды зомбулук кылууда алып салуу долбоору парламентте талаш жаратты

18 июнь 2020 17:42 665 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламенттин жыйынында бүгүн кызуу талкууланды. Анда жапа чеккен инсан тарабынан жазылган тосмо арызына карабай, зомбулук көрсөткөн тарап жаза алуусун көздөйт.

Демилгени колдобогондор да чыкты. Алар мындай учурда эки тарап тең бири-бирине кечирүүгө мүмкүнчүлүк бериш керектигин белгилешти.

Башка эл өкүлдөрү Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Евгения Строкова, Наталья Никитенко баштаган депутаттар долбоорду колдоого алып, бул зомбулукка кабылган адамдарды коргоо үчүн зарыл экенин баса белгилешти.

“Аталган мыйзамга ылайык тосмо арыз жазылса, зомбулук көрсөткөн адам жоопко тартылбай калаарын алдын алат”, - дейт демилгечи депутат Исхак Пирматов.

Мыйзам долбоору биринчи окууга жөнөтүлдү.

Бул мыйзам долбоорнунун парламентте каралышына Сузак районунда катталган үй-бүлөлүк зомбулук иши себеп болду

Ссылка: https://barometr.kg/uj-bllk-zombuluk-menen-krsh-chjrsndg-myjzam-dolbooru-parlamentte-kyzuu-talkuulandy



Добавить комментарий