Үй-бүлөлүк зомбулуктан көбүнчө балдар жабыркайт

1 май 2023 13:31 951 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Зордук-зомбулук деген эмне? Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Бул суроолорго Ленин РИИБнин маалыматына шилтеме берип “Барометр” жооп берет. 

Үй-бүлөдөгү зомбулук-бул үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисине карата атайылап жасаган ар кандай аракети, эгерде бул аракет үй-бүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин бузса, ага физикалык же психикалык жактан зыян келтирсе жана моралдык зыян келтирсе, же болбосо физикалык мүнөздөгү коркунучту камтыса.

Бул жалпы ден-соолукка олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Үй-бүлөлүк зомбулуктун бир нече түрлөрү бар: физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык. Кордоо, урушуу, коркутуу, обочолонуу, четке кагуу дагы зордук - зомбулуктун көрүнүшү.

Айрыкча балдар үй-бүлөдөгү туруктуу уруштарды жана чыр-чатактарды көргөндө жабыр тартышат, мунун баары баланын эмоционалдык абалына, анын өнүгүшүнө жана коомдогу инсан катары калыптанышына таасир этет.

“Эгерде сиз зомбулукка кабылган болсоңуз, анда күтүүнүн жана чыдоонун кереги жок, тез арада укук коргоо органдарынан жардам сурашыңыз керек! Урматтуу жарандар, мындай учурларда 102 номерине билдирип, четте турбоону суранабыз!”, -деп айтылат милициянын кайрылуусунда. 



Ссылка: https://barometr.kg/j-bllk-zombuluktan-kbnch-baldar-zhabyrkajt



Добавить комментарий