UFC мушкерлерине "марихуананы" колдонууга уруксат берилет

15 январь 2021 15:39 3690 Barometr
Бөлүшүү:
ok

UFC уюштуруучулары мелдештин допинг-контролдоо эрежелерине өзгөртүү киргизип, мушкерлерге марихуананы колдонууга жарым-жартылай мүмкүнчүлүк беришти. Бул тууралуу "MMA Junkie" тараткан маалыматка шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.

Мушкерлердин канынан марихуана боюнча оң жыйынтык чыккан тест уюмдун эрежелерин бузбайт деп белгиленди.

"Кээде марихуана колдонуучунун организмде көпкө чейин сакталып калат", - деди UFC вице-президенти Джефф Новицки.

Ал кошумчалагандай, мушкерлерге марихуананын таасири астында оюн көрсөтүүгө тыюу салынат.

2020-жылдын декабрь айында америкалык UFC мушкери Нико Прайстын канынан марихуана табылган соң, алты айга мушташууга тыюу салынган. Андан тышкары, Прайс 8,5 миң доллар айып пул төлөөгө аргасыз болгон. Анан да, Прайстын Дональд Церроне менен 2020-жылдын сентябрь айында болгон мушташынын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ал мушташ тең чыгуу менен аяктаган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-mushkerlerine-marihuanany-koldonuuga-uruksat-berilet



Добавить комментарий