Бала көтөргөн кыргыз жаранын сабап койгон казакстандык мушкерге издөө жарыяланды

24 июль 2023 10:48 1484 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда колуна бала көтөргөн кыргыз жаранын сабап койгон бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону Бейбут Шуменовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу  Tengrinews.kz жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Шуменовго издөө жарыяланганы тууралуу билдирүү 22-июлда укуктук статистика жана атайын жазуулар порталында пайда болгон.

Мушкер колуна бала көтөргөн кыргыз жаранын сабап салгандан кийин бейбаштык боюнча айыпталган.   

Эске салсак, жаңжал Астанадагы соода борборунда болгон. Жаңжалдын видеосу интернетке жарыялангандан кийин коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылган. Анда, көпчүлүк интернет колдонуучулары мурдагы дүйнө чемпионун айыптап, наристеге өтө чоң психологиялык зыян алып келди деп жазышкан.   

Бул окуя тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү жасап, Казакстандын күч органдарынан окуянын тыкыр иликтенүүсүн суранган.   


Ссылка: https://barometr.kg/koluna-bala-ktrgn-kyrgyz-zharanyn-sabap-kojgon-kazakstandyk-mushkerge-izd-zharyyalandy



Добавить комментарий