Тажик мушкери менен беттешет. Зафарбек Камилов эл аралык мелдеште финалга чыкты

11 август 2023 12:43 4226 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мушкер Зафарбек Камилов Беларусияда өтүп жаткан мелдеште финалга чыкты. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Зафарбек Камилов Беларусиянын Орша шаарында КМШ оюндарынын алкагында өтүп жаткан мелдеште финалга чыкты.

Спортчу 48 кг чейинки салмакта катышып жатат. Ал алгач 1/4 финалдык беттеште азербайжандын мушкерин жеңген.

Ошондой эле жарым финалдык беттеште Беларус мушкерин жеңди.

Финалдык беттеште тажикстандын мушкери менен күч сынашат.

Алтын медаль үчүн беттеш 12-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 19:00 башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-mushkeri-menen-betteshet-zafarbek-kamilov-el-aralyk-meldeshte-finalga-chykty



Добавить комментарий