UFC: мушкерлер Хабиб менен Дастин Порье жолукту. Нурмагомедов атаандашын теңине алган жок

6 июль 2019 13:02 2263 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC уюмунун жакынкы мелдешинин катышуучуларынын маалымат жыйыны өтүп, негизги таймаштын катышуучулар Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье жолукту.

Мушкерлер 7-сентябрда титул, чемпиондук кур үчүн таймашат. ЖМК менен жолуккандан кийин Хабиб менен Порьенин салттуу көзмө-көз карашуу дуэли болду.

UFC чемпиону Нурмагомедов атаандашы Дастинди теңине алган жок.

“Мен Порье же Фергюсон менен мушташка чыгамбы? Мага айырмасы жок. Мен октагонго үстөмдүк кылуу үчүн чыгам. Менде 27 беттештеги удаасы менен жеңиштерим бар. Дастин мыкты мушкер, бирок ал менин деңгээлиме жете элек”, - деди Хабиб Нумагомедов.

Өз кезегинде Дастин Порье дүйнө элин таң калтырып, Хабибди жеңе турганын айткан.

“Мага ишеним менен басым керек, ошондо баары жакшы болот. Бул үчүн мен көп жыл машыктым. Эми сенсация жаратам деген үмүттө турам. Мен дүйнөнү шок кылып, Хабиб талкалайм”, - дейт Дастин Порье.

UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен убактылуу чемпион Дастин Порьенин беттеши 7-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өтөт.

Бул Хабибдин чемпиондук титулун коргоо үчүн чыккан экинчи беттеши болот.

Өткөн жылы Орусия мушкери Ирландиялык айтылуу Конор Макгрегорду жеңип, чемпиондук титулун коргогон болчу.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-mushkerler-habib-menen-dastin-pore-zholuktu-nurmagomedov-ataandashyn-teine-algan-zhok



Добавить комментарий