Учурда «Ала-Тоо» аянтындагы митингчилер кууп таратылды. Аянтты тазалыкчылар тазалап жатат
Учурда «Ала-Тоо» аянтында митингге чогулгандарды укук коргоо органдары аларды кууп тараттты. «Тазалык» ишканасы аянтты тазалап жатат.
Күбөлөрдүн айтымында, укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу, желим окторду асманга атып жана суу бүрккөн аппаратты колдонуп митингге чыккандарды күч менен таратты.
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын ички иштер министрлиги билдирди.
Андан сырткары укук коргоо органдары алдын ала даярдалган автобустарга митингге чыккандарды салып кетти. Ал эми Ала-Тоо аянтында дагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү топтошуп чогулуп калгандарды таратууга аракеттерди көрүп жатат.
Айрым күбөлөрдүн айтымында, митингге чыккандар укук коргоо органдарына карата таш ыргытышкан.
Бүгүн Бишкекте митинг өттү. Буга чейин Жапаров өзү аны колдоп митингге чыкпоого чакырган болчу.
Буга чейин ИИМ митинг учурунда эреже бузгандарга катаал чаралар көрүлө турганын эскерткен.
ИИМдин маалыматы боюнча митингге болжол менен 800 кишинин чогулган. Андан сырткары Бишкек шаарындагы бардык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бир катар өкүлдөрү жана ары бери өткөн шаардын тургундары дагы келген.
"Митингдин башталышында аны өткөрүүнүн тартиби жана жол жобосу сакталып ирээти менен келе жаткан. Бирок бир эки сааттан кийин модераторлор митингди башкара албай калышты. Уюштуруучулардын тарайлы деген сунуштарын эч ким укпай калышты", - деп айтылат маалыматта.
Мурдагы депутат жаза мөөнөтүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 абакта өтөп жатат. Ал массалык баш аламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айге эркинен ажыратылган.
Добавить комментарий ×