Учактан чуу чыгарган адам жерге конгондо көз жумду
«Москва-Симферополь» каттамынын Red Wings авиакомпаниясынын жүргүнчүсү учакта чуу чыгарды. Андан улам аба кемеси Домодедово аэропортуна кайтууга аргасыз болгонун РИА «Новости» агенттиги кабарлады.
Эреже бузууларды күбөлөр видеого тартып алышкан. Кадрлардан борт коштоочулар аны сооротуу аракетин кылып жатканын көрүүгө болот.
Роликтин автору эркек киши алгач дос кызын чапканын, анан коңшусун бир нече жолу телефон менен башка чапканын көрүүгө болот.
Кыздардан бирөө хулиган өзүн жакшы алып жүрбөй, кыйкырганын айтты. «Учкучтар уктап жатат, учак кулап баратат!», «Эгерде жашагыңар келсе колуңарды көтөргүлө!», «Барыбыз өлөбүз!»,-деген.
Видеодо ачууланган жүргүнчүлөр «Парашют менен ыргытып салгылачы. «Эң жакшысы парашюту жок эле», «Жинди сымал кыйкырат», - деп нааразы болуп жатышат.
Домодедоводо медиктерге чыр чыгарып жатканы кабарланды. Бирок эркек тез жардамдын арабасында жүрөгү токтоп көз жумду.
Полиция «Байкабастыктан өлтүрүп алуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.
Ссылка: https://barometr.kg/uchaktan-chuu-chygargan-adam-zherge-kongondo-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×