Учакта кумарга баткан жубайларга тура калып кол чабышты
Австралиянын авиакомпаниясында учактын экипажы бортто болгон окуяга шок болуп учагын араң кондурушту. Анткени учактын дааратканасында интимдик мамилеге баргандар экипажды бир топ түйшүккө салышкан. Бул тууралуу The Sun кабарлады.
Улук борт коштоочу мындай учурду байкап калып көңүл бурбаганга аракет кылган жана алар үчүн атайын сюрприз даярдаган.
Жубайлар дааратканадан чыккандан кийин аларга тура калып кол чабышкан. Ал эми стюард “Биздин команданын атынан mile high clubга (учакта жакын мамилеге баргандар клубуна) киришиңер менен куттуктайбыз”,- деп кыйкырып айтып шампан аттырып жиберген.
Мындайды күтпөгөн кыз уялып, ал эми эркек коркуп кеткен.Көрсө ал мындай адепсиздик үчүн айып пул төлөп каламбы деп чочуп кеткен экен.
Бирок борт коштоочулар жана жүргүнчүлөр алардын бул кылыгын кечирип тим болушту.
Ссылка: https://barometr.kg/uchakta-kumarga-batkan-zhubajlarga-tura-kalyp-kol-chabyshty
Добавить комментарий ×