«Тынчтык» жаңы конушундагы мыйзамсыз салынган үй түрттүрүлдү
Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштерин улантып жаткандыгын Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
Жер үлүшүн ижарага берүү мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу Фучик көчөсү менен «Аска-Таш» комплексинин ортосундагы «Эльнур Дан» ЖЧК тиешелүү Т образындагы жарнамалык курулма алынып салынды.
Ошондой эле «Тынчтык» жаңы конушунда жайгашкан суу топтоочу жайдын күн батыш тарабына, суу топтоочу жайга караган жерге жаран А.Ибраимов өз билемдик менен үй куруп алган, анын жерге ээлик кылууга жана үй курууга эч кандай тиешелүү документтери болгон эмес. Башкармалык Ибраимовго өз учурунда мыйзамсыз куруу иштерин токтотууну эскерткен.
Бирок Ибраимов ага макул болбогондугуна байланыштуу башкармалык Биринчи май райондук сотуна муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулган курулушту түрттүрүү тууралуу доо арыз менен кайрылган. 2018-жылдын 6-ноябрында Биринчи май райондук сотунун чечими менен арыз канааттандырылган. 2019-жылдын 22-январында Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
Бул чечимге ылайык, жерди пайдалануу башкармалыгы жана «Тазалык» МИ Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызматы менен биргеликте көрсөтүлгөн турак-жайды түрттүрүп салышты.
Ссылка: https://barometr.kg/tynchtyk-zhay-konushundagy-myjzamsyz-salyngan-j-trttrld
Добавить комментарий ×