Тверде интернет аркылуу баңгизат сатмак болгон кыргызстандык 9 жылга кесилди
Россиянын Тверь шаарынын Москва райондук соту баңгизатынын каражаттарын саткан Кыргызстандын жаранына карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу райондук соттун сайтында жарыяланды.
27-мартта Кадирали У. А.,га карата Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 3-беренесинин 30-пунктунда, 4-беренесинин 228. 1-пунктунда каралган кылмыштар боюнча жаза берилди.
Тверь шаарынын Москва районунда 2018-жылы Кадирали У. А белгисиз адамдан «WhatsApp» аркылуу ацетилкодеин каражаттарын сатып алган. Жалпысынан 339,54 грамм турган 6-моноацетилморфин, диацетилморфин (героин) жана кофеин алган.
Ушундан кийин 25-декабрда интернет жана мессенджер аркылуу сатууга аракет кылганда кармалган.
Кадирали У. А 9 жылга эркинен ажыратылды.
Ссылка: https://barometr.kg/tverde-internet-arkyluu-bagizat-satmak-bolgon-kyrgyzstandyk-9-zhylga-kesildi
Добавить комментарий ×