Кыргызстандык эне Тверь облусунан жоголгон баласынын күйгөн денесин тапты

12 ноябрь 2019 18:13 3196 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен дайынсыз жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү.

2019-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын РФдеги Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлүн атына 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран дайынсыз жоголгон уулун издөөнү уюштурууга жардам берүүлөрүн суранып кайрылган. 

Анын 18 жаштагы уулу Ж.Д., Тверь облусунун аймагында жүрүп, 2019-жылдын октябрь айынын башында туугандары менен байланышы үзүлгөн. 

Баласы Россияга 2019-жылдын август айында эмгектенүү максатында келген жана сентябрдын аягында Тверь облусунун Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде жайгашкан эс алуу базаларынын биринде короочу болуп ишке кирген. 

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын РФдеги Элчилигинин кызматкерлери менен биргеликте Тверь облусуна ыкчам барууну уюштурушкан. 

Анын жүрүшүндө Россиянын ИИМдин Тверь облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги жана Россиянын Тергөө комитетинин аймактык тергөө бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, жаран Ж.М. дайынсыз жоголгон уулун издөөнү уюштуруу тууралуу арызы жергиликтүү полиция бөлүмүндө катталган. 

Андан сырткары, Иваньков суу сактагыч аралдарынын биринде өрт чыгып, окуя болгон жерде такталбаган адамдын сөөгүнүн күйүп калган калдыктары табылган.

Аталган материал Россиянын ТКнын аймактык тергөө бөлүмүндө өндүрүштө экендиги маалым болгон. Аймактык укук коргоо органдары менен дайынсыз жоголгон адамды издөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Ж.Д. менен байланышта болгондор суралып, аны өрт чыккан жердеги иш ордунда көрүшкөнүн жана кайтып келбегенин билдиришкен.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн тастыктоо максатында, эң башкысы өрт чыккан жерде табылган сөөктүн калдыктары кимге таандык экендигин анктоо үчүн укук коргоо органдары тарабынан молекулярдык-генетикалык экспертиза дайындалган. 

Салыштырма изилдөө үчүн аялдан үлгүлөр алынган. Өрт чыккан жерде табылган адамдын өздүгү такталып, молекулярдык-генетикалык экспертизанын жыйынтыгы менен   жогоруда көрсөтүлгөн аял менен туугандык байланышы тастыкталып, энеси болуп чыккан.

Азыркы учурда тергөө органдарынан зарыл болгон документтерди туугандары алып, өз өлкөсүнө жүк-200 жөнөтүү маселеси чечилип жатат.



Ссылка: https://barometr.kg/tver-oblusunda-zdgn-anyktoo-maksatynda-genetikalyk-ekspertiza-zhrgzld



Добавить комментарий