Туура эмес жерден токтогон коомдук каттамдын айдоочуларына чара көрүлөт

6 ноябрь 2018 12:38 1223 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коомдук тартипти камсыздоо, автотыгынды азайтуу жана авариялардын алдын алуу үчүн Бишкек мэриясы тийиштүү кызматтар менен бирге рейд жүргүзөт. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, рейд Жибек Жолу проспектисинде, Курманжан датка көчөсүндө жана Аламүдүн базарынын аймагында жүргүзүлөт. Бул иш-чараны өткөрүүнү Свердлов районунун администрациясы демилгелеген.
Рейд учурунда инспекторлор автоунаалардын туура токтотулушун, маршруткалардын жүргүнчүлөрдү каалаган жерден салып, түшүрүүсү көзөмөлдөнөт. Эреже бузган айдоочуларга протокол түзүлүп, автоунаа айып короого токтотулат.

Жакын арада аталган аймактагы көйгөйлөр толугу менен чечилери маалыматта айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/tuura-emes-zherden-toktogon-koomduk-kattamdyn-ajdoochularyna-chara-krlt



Добавить комментарий