Турсунбай Бакир уулунун велосипедчен жубайын унаа сүзүп кетти (Сүрөт)

5 август 2020 16:13 2728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-депутат жана акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун велосипедчен жубайын унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу акыйкатчынын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

2-августта Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипетчен жубайын унаа сүзүп, жардам бербей качып кеткен жаранга экс-депутат кайрылды.

“Велосипедчендерди машина уруп кеткендерди угуп жубайымдан этият болууну дайыма суранамын. Машина айдагандардын арасында сабатсыз жана ыймансыз айдоочулар көп деп эскерткенмин. 2-августта, Курман айттын акыркы күнүндө ошондой акмактардын бири күндүз Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан жубайымды сүзүп кетиптир. Сүзүп кеткени аз келгенсип, ал келесоо жардам бербей качыптыр. Ошол айдоочу баракчама кирип ушул постту окуп жаткан болсо, ага төмөнкү сөздү айткым келет: бешенең ачык жигит экенсиң. «Айттын урматына, аман калганым үчүн да, ал айдоочуну кечирдим. Аны издетпеңиз – катуу коркконунан ал өзүн жоготуп, качып кеткендир» деп жубайым менин издөө иш-аракеттеримди токтотуп койду. Бирок машина айдагандан кийин жүргүнчүлөрдү жана велосипедчендерди карап жүрбөйсүңбү?! Адамды сүзүп кеткенден кийин адамгерчиликтүүлүгүңдү жана жол эрежелерди билгениңди көрсөтүп, жыгылган адамды тургузуп, ал-акыбалын сурап, медициналык жардам керек болсо бейтапканага жеткирип коюга акылың да, ыйманың да жетпедиби?! Жубайымдын өтүнүчүнө баш ийип, сени Кудайга тапшырдым», - деп жазды Турсунбай Бакир уулу.

Ошондой эле, учурда жубайынын абалы жакшы, үйүндө дарыланып жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/tursunbaj-bakir-uulunun-velosipedchen-zhubajyn-unaa-szp-ketti-srt



Добавить комментарий