Турсунбаева Сокулуктагы жер алдап саткандар боюнча президентке кайрылуу жасады
Сокулук районундагы жер алдап сатууга катыштыгы бар мамлекеттик каттоо кызматкерлери, айыл өкмөттөр, акимдер коррупцияга малынган. Буга президент өзү кийлигишип, жемкорлукка карата күрөшүүдө каралышы керек. Мындай сөздү жабырлануучу Жыпаркүл Турсунбаева бүгүнкү 10-январдагы өтүп жаткан пресс-конференцияда президентке кайрылуу катары билдирди.
Ал: "Бүайша Арстанбекова менен Бөдөшбекова Сайракан Сокулуктагы жерлерди аферисттик жол менен алдап, жерлерди сатып жүрүшкөн. Буга бир гана алар эмес, ал кездеги Сокулук районунун акими болуп турган Корголдоев Таалайбекке дагы кылмыш иши козголушу керек"-деди.
Эске салсак, Арстанбекова Бүайша Биринчи Май райондук сотунда көз боёмочулук менен жасалма жалган дипломдорду пайдаланып мамлекеттен бир нече жолу жогорку даражадагы сыйлыктарды мыйзамсыз алып, хулигандык менен жашы улгайган адамга кол салып денесинен жаракат келтиргендиги жана атайын киши жалдап өлтүрүүгө буюртма бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан. Бул иш боюнча сот процесси дайындалган.
Добавить комментарий ×