Садыр Жапаров: "Абакта жатканда жүздөгөн адамдардын боштондукка чыгуусуна жардам бергем"

13 ноябрь 2020 11:39 843 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров абакта жатканда көп адамдарга жардам берип, боштондукка чыгуусуна салым кошкон. Бул тууралуу 12-ноябрда журналисттер менен болгон маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, абакта адилетсиз эле кармалып жаткан адамдар көп.

“Мен абакта жатканда адилетсиз эле кармалып жаткандарды көрдүм. Алардын бир канчасын боштондукка чыгуусуна салым коштум. Көпчүлүгүнүн кат сабаты жок болгондуктан, мен аларга Акыйкатчыга, Жогорку Кеңешке, президентке мунапыс сурап, арыз менен кайрылуусуна жардам бердим.

Абакта адилетсиз кармалган адам катары, мен жакшы түшүнөм. Анан да, аларды абакта кармап жаткандан мамлекет да зыянга учурап жатат. Биз аларды багыш үчүн казынадан миллиондогон сомдорду бөлүп берип жатабыз.

Эгер биз аларды боштодукка чыгарсак, бир жагынан казынаны үнөмдөйбүз, экинчи жагынан аларды бир тууган, ата-энисинен ажыратпай, өз оокатын кылсын деп боштондукка чыгарып, жакшы иш жасайбыз”, -деди Жапаров.

Абакта адилетсиз жана майда кылмыштарга айыпталып жаткан 2000 ден ашуун адамга ырайым берилери маалым болду.

Ал эми, оор кылмыштарга айыпталган, адам өлтүрүү, уюшкан кылмышка катыштыгы барларга бул чечим тиешеси жок.

Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparov-abakta-zhatkanda-zhzdgn-adamdardyn-boshtondukka-chyguusuna-zhardam-bergem



Добавить комментарий