Садыр Жапаровду жылмайткан "галстук". Журналисттерди нааразы кылган жыйын

12 ноябрь 2020 19:19 1046 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйынга 86 ЖМКдан 148 журналист катышты. Журналисттерге бирден гана суроо берүүгө уруксат берилди. Бирок, ошентсе да эки саат убакыт аралыгында баардык журналисттер суроо бергенге үлгүрбөй калышты.

Маалымат жыйында Жапаровду жылмайткан да кыжырына тийип, ойлонткон да суроолор болду.

Алардын арасынан “эмнеге галстук тагынбайсыз?” деген суроо жылмайтты.

“Мен галстук тагынсам эле мууна берем. Бирок ШКУнун жыйынында тагындым, көргөн жоксуздарбы”, - деп жооп берди.

Ал эми, журналисттер убакыттын тардыгына, дайындап келген суроолоруна жооп ала албай калгандыгына нааразы болушту.


Ссылка: https://barometr.kg/sadyr-zhaparovdu-zhylmajtkan-galstuk-zhurnalistterdi-naarazy-kylgan-zhyjyn



Добавить комментарий