Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды

6 ноябрь 2019 11:44 4760 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Т.У. Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди. Ал мындай билдирүүнү социалдык баракчасында жарыялады.

Турдакун Усубалиев республиканы 25 жыл жетектеп өлкөнүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон. Республиканын жетекчиси мезгилинде ал өлкөнүн экономикалык негизин түзүүгө жана бекемдөөгө көбүрөөк көңүл бурган, ондогон ири ишканаларды жүргүзгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/turdakun-usubalievdin-ysymy-krp-saj-gesine-yjgaryldy



Добавить комментарий