Садыр Жапаров Турдакун Усубалиевдин раритет автоунаасын тарых музейге өткөрүп берди
Президент Садыр Жапаров Турдакун Усубалиевдин раритет автоунаасын тарых музейге тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" биилдирет.
"Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин раритет автоунаасын Мамлекеттик тарых музейине тапшырды.
Мамлекет башчысы бул унааны жеке адамдан - Нарын облусунун тургунунан белек катары алган. Турдакун Усубалиевдин тарыхый жактан мааниси баалуу бул кызматтык автоунаасын нарындык жаран көп жылдар бою сактап келген.
Садыр Жапаров өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон Турдакун Усубалиевдин жаркын элесин урматтоо менен анын автоунаасын Мамлекеттик тарых музейинин балансына өткөрүп берди.
Белгилей кетсек, “ГАЗ-69” маркасындагы автомобиль Турдакун Усубалиевдин Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп тургандагы кызматтык автоунаасы болуп саналат. Кийин бул автомобиль республиканын райондорунун бирине пайдаланууга берилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Добавить комментарий ×