Айтмамат Назаров: Кызматымдан кетүү боюнча арызымды жазып бердим
"Улуттук энергохолдинг" АКнун төрагасы Айтмамат Кошоевич Назаров башка кызматка кеткенине байланыштуу кызматтан бошотуу тууралуу арызын жазган. Бул тууралуу Назаровдун фейсбук баракчасынадагы маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Бүгүн мен расмий эмес жана атайын даярдалбаган, жүрөктөн чыккан кайрылуумду жалпы коомчулукка жана өзгөчө мени менен акыркы жылдары иш алып барган эң мыкты энергетиктерге жолдойм!
Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм! Эмгеги анчейин көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик! Биз бир үй-бүлө боло алдык.
Кызматымдан кетүү боюнча арызымды жазып бердим. Рахмат энергетиктер!
Мен дайым сиздер менен!"
Ссылка: https://barometr.kg/ajtmamat-nazarov-kyzmatymdan-ket-boyuncha-aryzymdy-zhazyp-berdim
Добавить комментарий ×