Түштүктө жаш балдар уурдалып жатат деген маалымат чындыкка жатпайт
Түштүктө жаш балдар уурдалып жатат деген маалымат чындыкка жатпайт. Мындай маалыматты ички иштер министрлиги билдирди. Мекемеден белгилешкендей, акыркы күндөрү вотсапп аркылуу күмөн жараткан аудио билдирүүлөртарап жатат.
“Органдарын алуу үчүн жаш балдарды уурдап жатышат деген маалымат чындыккатуура келбейт. Бардык жарандарды социалдык тармактардагы жазылгандарга эмес,атайын органдардын берген расмий маалыматтарына ишенгиле деп чакырат элек”,-деп жазылат билдирүүдө.
Министрликтен кошумчалашкандай, ички иштер органдарында социалдыктармактарда айтылып жаткандай бир да факты катталган эмес.
“Милиция кызматкерлери жалган маалымат тараткан адамдарды табуу боюнчатийиштүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Алар Кыргыз Республикасынын мыйзамынаылайык кылмыш жообуна тартылат. Жарандарды текшерилбеген маалыматтарды телефонжана социалдык тармак аркылуу таратпашын суранабыз”,- дейт ички иштерминистрлиги.
Ошондой эле, ведомство ата-энелерден ызы-чууга алдырбай, негизсиз ушактардытаратпашын суранат.
Ссылка: https://barometr.kg/tshtkt-zhash-baldar-uurdalyp-zhatat-degen-maalymat-chyndykka-zhatpajt
Добавить комментарий ×