Машинанын чыккан жылын жашырып, аны алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

25 февраль 2020 13:05 561 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып өтүү фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө 21-февралда бажы кызматкерлери Жалал-Абад областынын Сузак айылында “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү транспорт каражатын кармашкан. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Бажылык кириштөө ордерине ылайык транспорт каражаты КРдин аймагына “И.М.Х.” алуучунун дарегине ташып киргизилген жана 37 804 сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөнгөн. 

БКОнун 6.5 графасында жогоруда аталган транспорт каражаты 2008-жылы чыккан деп көрсөтүлгөн. Бирок “Эксперт-Юг” Мамлекеттик эмес Сот-Эксперттик уюмдун адисинин корутундусуна ылайык “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү транспорт каражаты 2006-жылы чыккан. Муну менен “И.М.Х.” жараны документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен автотранспорттук каражаттардын чыккан жылын өзгөртүп, бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартты. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 523 389 сомду түздү.

Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-batysh-bazhysynyn-kyzmatkerleri-tarabynan-osh-shaarynyn-ak-tilek-kichirajonunda-krdin-zharany-karmaldy



Добавить комментарий