Жай чилдеде Түштүк Африкага кар жаап, -9 градус суук болуп жатат (фото, видео)
Антрактидадан келген муздак аба агымдарынан улам Түштүк Африка республикасынын айрым бөлүктөрүндө кардын жаашына жана температуранын аталган аймак үчүн рекордук градуска чейин төмөн болуусуна алып келди. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдөн алынган маалыматка таянуу менен ”Барометр” билдирет.
24-июлда Фри-Стейт провинциясынын борбору Блумфонтейн шаарында Цельсия боюнча минус 9 градус суук катталды.
Аталган өлкөнүн Улуттук метеорологиялык кызматы 24-июлдун кечи жылдагы эң суук түн болуп катталганын кабарлады.
Социалдык тармактарда өлкөгө кар жаап жатканы тууралуу сүрөттөр жарыяланды.
Синоптиктер негизинен жакынкы мезгилде Фри-Стейт провинциясында кардын жаашы күтүлүп жатканын кабарлашты.
Ссылка: https://barometr.kg/tshtk-afrikaga-kar-zhaap-9-gradus-suuk-bolup-zhatat-foto
Добавить комментарий ×