Крокодилге олжо болуп кала турган жейренди кичинекей нерсе куткарып калды

20 май 2021 16:05 3215 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok


Түштүк Африкада 18-май күнү крокодилге олжо болуп кала турган жейренди кичинекей нерсе куткарып калды. Бул тууралуу “Maasai Sightings” жүктөгөн видеого шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Видеодон жейренди тиштеп кыймылсыз жаткан крокодилди көрүүгө болот. Анын азуусундагы жаныбар диртилдеп, оор дем алып турганы видеодон даана байкалат.

Түштүк Африкадагы Крюгер паркында антилопа биринчи душмандан качып кутулуп, экинчисинин колуна капыстан кабылган окуя болгон.

Белгилей кетсек, жырткыч жаактарын эс алдыргысы келдиби же башка себеп болдубу, ал оозун ачканда крокодилдин тиштеринен бошонгон жейрен секирип туруп качып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/antilopaga-olzho-bolup-kala-turgan-zhejrendi-kichinekej-nerse-kutkaryp-kaldy



Добавить комментарий