Казакстанда ысык кайрадан +46 градуска чейин жетери күтүлүүдө
Казакстанда ысык кайрадан +46 градуска чейин жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн синоптиктери берген маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
“Казакстандын түштүгүндө жана түштүк-батышында 24-26-июлда абанын температурасы күндүз +38-46, түштүк чыгышында жана борборунда +38-42 градус болушу күтүлүүдө. Түндүгүндө температура +32-40 градустан +20-30 градуска чейин төмөндөйт”,-деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда дагы 24-27-июлда аномалдуу ысыктын болушу күтүлүп жатат.
Ошондой эле 24-27-июлда өлкө аймагында аномалдуу ысык аба ырайынын болушу күтүлүп жатат.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарында күндүз ысык +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-ysyk-kajradan-46-graduska-chejin-zheteri-ktld
Добавить комментарий ×