Төрт жаштагы кыргызстандык баланын башы музга тийип жаракат алды

11 март 2019 11:08 1809 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык төрт жаштагы баланын башы музга тийип жабыркады. Бул тууралуу  Россиянын ЖМКлары маалымдады.

2015-жылы туулган Кыргызстандын жараны 8-мартта саат 11де Раухфус атындагы №19 балдар ооруканасына жеткирилген. Анын абалы орточо оор деп эсептелүүдө.

Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, Садовая көчөсүндөгү №50 үйдө ойноп жаткан учурда бала чоң апасынын колунан түшүп кетип башы музга тийген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/trt-zhashtagy-kyrgyzstandyk-balanyn-bashy-muzga-tijip-zharakat-aldy



Добавить комментарий