Төрт уулум тең бакпады. Келиндери биригип үйүнөн кууп чыккан ажы апа муңун айтты

10 июль 2019 11:47 41811 30 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда төрт келини кайын энесине каршы көтөрүлүш кылышып жетимиштен ашкан аялды үйүнөн кууп чыгышты. Бул тууралуу kyn.kz булагы кабарларды.

Ушундай арыз менен Мырзагүл Ешниязова «Астарлы ақиқат» телеберүүсүнө чыккан. Аялдын окуясынан кийин интернет желесиндегилер эки тарапка бөлүнүшүп, бири улгайган аялды күнөөлөшсө, экинчи тарап ага жан тартышууда.

 “Төрт баласынын аялдары төртөө бирдей жаман болушу мүмкүн эмес. Мырзагүл апанын өзүндө күнөө бар чыгар. Балким балдарын дурус тарбиялай алган эмес”,-дегендер да көп.

Бирок аял “Өзүм беш убакыт намаз окуйм. Ажыга дагы барып келдим. Калп айтсам Алланын алдында кандай жооп берем”,-деп жооп узатты.

Балдарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойттум деген эне алардын бири да энесинин сөзүн укпай, келиндеринин айтканынан чыкпай турушканын кошумчалады.

 “Эч бириңерге жамандык тилебейм, булардын баары келиндеримдин кесиринен болуп жатат го. Эртең силер да картаясыңар. Менин күнүмдү эч кимдин башына салбасын”,-деп айтты аял телеберүүдө.

Учурда аны башка бир үй-бүлө багып жатканы белгилүү болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/trt-uulum-te-bakpady-kelinderi-birigip-jnn-kuup-chykkan-azhy-apa-muun-ajtty



Добавить комментарий