Төрт уулум тең бакпады. Келиндери биригип үйүнөн кууп чыккан ажы апа муңун айтты

10 июля 2019 11:47 41812 30 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда төрт келини кайын энесине каршы көтөрүлүш кылышып жетимиштен ашкан аялды үйүнөн кууп чыгышты. Бул тууралуу kyn.kz булагы кабарларды.

Ушундай арыз менен Мырзагүл Ешниязова «Астарлы ақиқат» телеберүүсүнө чыккан. Аялдын окуясынан кийин интернет желесиндегилер эки тарапка бөлүнүшүп, бири улгайган аялды күнөөлөшсө, экинчи тарап ага жан тартышууда.

 “Төрт баласынын аялдары төртөө бирдей жаман болушу мүмкүн эмес. Мырзагүл апанын өзүндө күнөө бар чыгар. Балким балдарын дурус тарбиялай алган эмес”,-дегендер да көп.

Бирок аял “Өзүм беш убакыт намаз окуйм. Ажыга дагы барып келдим. Калп айтсам Алланын алдында кандай жооп берем”,-деп жооп узатты.

Балдарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай чоңойттум деген эне алардын бири да энесинин сөзүн укпай, келиндеринин айтканынан чыкпай турушканын кошумчалады.

 “Эч бириңерге жамандык тилебейм, булардын баары келиндеримдин кесиринен болуп жатат го. Эртең силер да картаясыңар. Менин күнүмдү эч кимдин башына салбасын”,-деп айтты аял телеберүүдө.

Учурда аны башка бир үй-бүлө багып жатканы белгилүү болду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/trt-uulum-te-bakpady-kelinderi-birigip-jnn-kuup-chykkan-azhy-apa-muun-ajtty



Добавить комментарий

  • Мырзагул апанын мунозу кандай болсо да ошол торт уулду багып чонойтуп эрезеге жеткизип ошол торт келинге эр кылып берди Ал аялдын балдары жакшы энеси жаман болуп калабы? Ошол уулдарынын акылы жок жалгыз энесин батыра албай кишимин деп жургон😡 Бул жашоо кайтаар дуйно дейт Ошо тортоонун тен балдары карыганда оздорун тентитерин унутта калтырышпасын 😡
  • Туура айтасыз Роза, жаман иш болуптур негизи, бир энесин батыра албай калган балдары кандай акмктар деп турамын.
  • жакшынакай эле аял корунот балпайган
  • Ушу келиндерди да э Не башына чонойду да оз энесин сыйлабаса башка эмнени сыйлабаса беле эртен алар да карыйт ошолорду кезде очуруп калышарын балдар да келиндер да ойлонгула
  • Бироонун турмушу бироого карангы,балким кайтар дуйно кайтып жаткандыр. Ниет тилек кылганда ыйманын тилебей бай болсун чон болсун деп тилегендир.Кандай болгондо да жакшы иш болбоптур.
    • Эн туура сөз
    • Назгуль 5 лет назад
      Негизинен ата энен жинди болсо дагы байлап бак деген накыл соз бар кыргызда,мумкун мунозу оорлошуп калгандыр карыган сайын,балдары,келиндери кандай болбосун которуш керек эле,туура эмес иш жасашыптыр эгер чын эле кууп чыгышкан болсо, байкуш эненин торунон кору жакын калганда тентиретпей,эртен эле алар да карыйт,бул жашоодо баары кайтар дуйно дейт
  • Сабирагул 5 лет назад
    Кайтар дуйно деген бар. Келиндер дагы бала чакалараын жакшы коруп багып жатышса керек. Жапжакшынакай Эне экен жузунон нур таамып турат. Кандай болгондо да Эне. Торт баласын багып чонойтуп уй жайлуу кылып койсон анан Энеси жаман болобу Энени тапмак кайдан. Конулун алып жакшы соз айтып койгондонэмнеболушат. Мен Энени колдойм. Мен да Энемин.
  • Ата энеге кандай мамиле кылсан балдарындан ошондой мамиле кайтат деген ( хадис )
  • Эне бейиш эне суйуусуно эч бир суйуу жетпейт ошол 4 уулуна оздору но окшош уул келин келсин Алла жазаасын берсин кандай соз суйлосун эне энеда акмак ар 9 ай которуп бойго жеткирип чонойтуу олсун ошол акмактар катын дары туубай олсун
  • Майрамбек 5 лет назад
    Балдары жарыбайт омур бою
  • Эне баланы жашынан баардык азапка кайыл болуп остурот. Анан карып кучтон тайганда суйлосо тили жакпай калабы. Карыгыча жакшы карыганда жаман дештида. Кайтаар дуйно эчким жыргабайт.
  • Кайнене жаман болгондо келиндери жакшы болмок торт баласын тороп чонойтуп эрезеге жеткиргенден кийин кылгандары жаман айалдарынын тилине кирип кууп ийгендерине макул болуп отурган балдары куноолу.Башы кандай болсо айагына чейин ошондой болот келиндер жаман болсо баары жаман болот жакшы болсо жакшы .Акыры булар да кайнене болот ошондо кылгандарын озулоруно келет.
    • Темирбек 5 лет назад
      Бейиш эненин таманынын алдында дейт П.А.С Аялдарынын тилине кирген балдары акмак.Кандай болсо да эне,Курсагына 9ай ко то руп 2.5жыл эне сутун берип тун уйкусун бузуп чонойтуп уйлонтсо,эненин бир кундук тун уйкусун бузган кунуно жетпейбиз
    • Туптуура
    • Туптуура
  • Бул жашоо-бумеранг,ошол келиндерин да балдары кууп чыккан мезгил келет....,Мен эч кимге жамандык каалабайм,Кудай анын бетин ары кылсын 🙏.Торт уулунун орлуна бир кызы болсо апага жакшы болмок!!
  • Эльмира 5 лет назад
    Апасынын мунозу кандай болбосун балдарды караш керек, ар бир эне баласына жаман тарбия бербейт,карыганда кочого чыгарып кой деп айтпайт.
  • Балдарын атасыз эне остургон окшобойбу , атанын тарбиясын корбогон уулдар уйлонгон сон аялын эне тутуп калышат ,арасынан бир эркек чыкпаганы окунучтуу...
  • Кандай болгон тагдырда дагы эненин кочодо калышы чоон Куно,энени уйго калтырып оздору чыгып кетпейби?эне жаман болсо ..энен багуучулар табылмак ...
  • Кайтар дуно деген бар у ул келиндеринер да картами жаратканым адилетту зат кезинде алар да балдарынан корушор сизге кылганын капа болбонуз азыр Сизди карап жаткан адамдарга батаныз тийсин .
  • Ата энен сенин бейишин же тозогун дейт. Ал кунда келет силерди уйунордон балдарынар кууп чыксын байкуш энени сыздатып кор кылыштыбы. Аллахым жазасын берсин.
  • Демек, Уулдары лох! Уулдар жакшы болсо эч качан келиндер кайын энесине тике карабайт!
  • Махабат 5 лет назад
    Энеге зар болуп жетпей жүргөндөр канча,Жаратканым баардыгын кайрадан өз ордуна коюп эң бактылуу үй бүлөлөрдөн болушса экен...!
  • Эненин мүнөзүнө карап эне кылат беле. Ошол төрт баланы тогуз ай көтөрүп төрөп чоңойтту. Аны келиндери кууп чыгып жатса, уулдары карап туруп берген манкуртко. Энени нараазы кылган бала, эч качан бири, эки болбойт. Уят балдарына.