Депутат менен жүргөн аялдын айынан мушташ чыкты

25 июнь 2019 12:04 9300 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Төрт айдан бери күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялдын окуясынын аягы ызы-чууга айланды. Анын күйөөсү аялдын көңүлдөшүн сабады. Көңүлдөштүн 22 жаштагы уулу милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгы кабарлады.   

24-июнда Жаңы-Жер айылындагы милиция бөлүмүнө Төмөнкү Чүй айылында бир нече жигит жергиликтүү тургунду сабап салышканы тууралуу кабар түшкөн.

22 жаштагы А. Т. милицияга кайрылып, анын 48 жаштагы атасы Ж. А.ны сабап кетишкени тууралуу арыз берген. Арыздын негизинде 38 жаштагы М. З кармалды. Ал болжол менен төрт ай мурда аялы менен ажырашып кеткен Ж. А. анын жубайы менен мамиле түзүп алганын айтты.

“Мындан ушул арада эки эркек жолуккан жерден айтышып-тартышып жүрүшкөн. 24-июнда болжол менен саат 19:30да алар көчөдөн кездешип калып дагы уруша кетишкен, соңунда мушташ чыгып М. З. 48 жаштагы эркекти сабап салган”,-деп айтылат ИИБ тараткан маалыматта. Буга чейин жергиликтүү маалымат булактарында Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айылдык кеңешинин депутатын сабап кетишкени тууралуу маалымдалган.

Учурда сабаганга шектүү эркек камакка алдынды.

Ссылка: https://barometr.kg/trt-ajdan-beri-kjsnn-kzn-chp-salgan-ayaldyn-ajynan-yzy-chuu-chykty



Добавить комментарий