Борбордук Ала-Тоо аянтында партия лидерлери микрофон талашып чуу салышты (видео)

5 октябрь 2020 15:22 575 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбордук Ала-Тоо аянтында добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышты. Митинг учурунда Сыймык Жапыкеев микрофон талашып чуу салды.

Трибунада "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатканда "Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев микрофонду тартып алууга аракет кылды. Ортодо кайым айтышуу чыгып, ага сөз берилген жок.

Учурда Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына, опера жана балет театрынын алдында эл чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылган митинг өтүп жатат.

Ал эми Бишкекте шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган дагы бир митинг башталды. Аны "Ата Мекен", "Реформа", "Замандаш" жана "Бир бол" партиялары өткөрүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин Социал-демократтар партиясынын, ошондой эле бирдиктүү төрт партиянын өкүлдөрү: “Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат” , “Ыйман Нуру” жана “Ордо”, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп борбордук аянтка келишкенин жазганбыз.


Ссылка: https://barometr.kg/borborduk-ala-too-ayantynda-partiya-liderleri-mikrafon-talashyp-chuu-salyshty



Добавить комментарий