Төрт айда президенттин жарлыгы менен 308 адамга мунапыс берилди
Бөлүшүү:
2021-жылдын 4 айында президенттин жарлыгы менен 308 адамга мунапыс берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын укуктук статистика жана каттоого алуу башкармалыгынын кылмыш-укуктук статистикасы жана анализин калыптандыруу бөлүмүнүн башчысы Эмиль Чамбаев билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
Анын айтымында, аларды жаза өтөө мөөнөтү кыскартылган.
“Биз бул адамдардын канчасы эркиндикке чыккандан кийин кайталап кылмыш кылганы тууралуу маалматты бере албайбыз. Атайын каттоо жүргүзүү керек”,-деп айтты бөлүм башчы.
Ссылка: https://barometr.kg/trt-ajda-prezidenttin-zharlygy-menen-308-adamga-munapys-berildi
Добавить комментарий ×