Түркмөнстанда 210 чарчы метр болгон ири килем токулуп жатат

29 октябрь 2021 17:29 7734 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аянты 210 чарчы метр болгон ири килем Түркмөнстандын бейтарап өлкө болушунун 30 жылдыгынын урматына жасалууда. Бул тууралуу «Түркмөнстан: Алтын кылым» басылмасы маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Бул килем гигантты токуш үчүн Балкан аймагындагы Сердар көркөм килем токуу ишканасынын уздары күнү-түнү эмгектенип жатат.

Аталган килемге Ахал аймагынын оюу орнаменттери түшүрүлөт.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын килем токуу искусствосу ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес мурастары тизмесине киргизилген.

Түркмөнстандын бейтарап күнү-жыл сайын 12-декабрда белгиленип келет.

Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstanda-210-charchy-metr-bolgon-iri-kilem-tokulup-zhatat



Добавить комментарий