Түркмөнстан президентинин урматына мейманкана курууга 448 млн доллар сарпталат
Түркмөнстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо үчүн президент Гурбангулы Бердимухамедовдун урматына параддар үчүн трибуна, анын алабай иттери үчүн питомник жана 448 млн долларга мейманкана курулат. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» жарыялаган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Буга чейин, президент курулуштун пландары менен таанышып жатканын, ага курулуп жаткан объекттер слайддар менен көрсөтүлгөнү телеге жарыяланган. Видео слайдда, курулуштун шарттары жана наркы көрсөтүлгөн. Буга чейин бул маалымат коомчулукка жарыяланган эмес.
1,37 миллиард долларлык бир катар долбоорлорду Франциянын Bouygues Bâtiment компаниясы курат. Алардын катарында Ашхабаддагы параддарды кабыл алган өкмөттүк трибуна, Эл аралык кабыл алуу борбору, Түркмөнбашы банкынын имараты жана “Аркадаг” мейманканасы бар. Отелдин курулушу 448 миллион долларга бааланган. "Аркадаг" ("Меценат") - Бердымухамедовдун расмий наамы.
Мындан тышкары, түркмөн компаниясы Myradym өлкө башчынын алабай иттери үчүн питомник курат. Анын толук наркы белгисиз.
Ссылка: https://barometr.kg/trkmnstan-prezidentinin-urmatyna-mejmankana-kuruuga-448-mln-dollar-sarptalat
Добавить комментарий ×