Түркиянын президенти Кыргызстанга расмий визит менен келет

30 август 2018 16:40 1124 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча 2018-жылдын 1-2-сентябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий визит менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөзү билдирди. 

Визиттин алкагында эки мамлекеттердин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын абалына жана мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелердин кеңири спектрин талкуулашат. Эки өлкөнүн башчылары ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашышат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин IV отурумуна катышат.

Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Тайып Эрдогандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө жана эки өлкө башчылары басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашат.

 Ошондой эле Кыргызстанга расмий визитинин алкагында Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев,  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен жолугушат.

Андан соң президент Режеп Тайып Эрдоган өзүнүн расмий визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин саммитине катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-prezidenti-kyrgyzstanga-rasmij-vizit-menen-kelet



Добавить комментарий