Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 24 адамга жетти

31 октябрь 2020 09:31 1117 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын батышындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 24кө, жаракат алгандардын саны 804 адамга жетти. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү ММКларга  берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Буга чейин, 20га жакын адам каза болуп, 786сы жаракат алгандыгы айтылган.

Түркиянын батышында 30-сентябрь күнү түштөн кийин 6,6 баллдык жер титирөө болду. Жер титирөөнүн эпицентри Измир шаарынын Сеферихисар провициясына жакын жерде болгон. 

Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Жергиликтүү сейсмологдор анын күчү 6,9 баллга бааланган.

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган, эки өлкөнү каптаган кырсыкта Анкара менен Афинанын тилектештиги "жашоодогу көп нерседен кымбат" деди.

Жер титирөө чоң эмес цунамиге алып келип, Сеферихисардагы көчөлөрдү суу каптады.

Кийинчерээк Anadolu агенттиги күндүн экинчи жарымында дагы бир жер титирөө болгонун жазды.  Түркиянын жээкке жакын Эгей деңизинде күчү 5,1 балл болгон жер титирөө болгону кабарлады. Жер титирөөнүн эпицентри өлкөнүн түштүк-батышындагы Айдын провинциясынын Кушадасы аймагынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-zher-titirdn-kaza-bolgondordun-sany-24-adamga-zhetti



Добавить комментарий