Түркияда педофилдикке шектелген киши Бишкекте жашырынып жүргөн
Түркияда өспүрүмдөргө ыдык көрсөткөн жаран Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде жумушчу болуп иштеп жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Түркиянын 1984-жылы туулган А.С. аттуу жаранын кармады. Ал өспүрүм кызга ыдык көрсөткөнү үчүн Түркиянын укук коргоо органдары жана Интерпол аркылуу изделип жаткан.
Маалыматка ылайык, издөөгө алынган жаран Кыргызстанда 2018-жылдан бери жүргөн. Окуу жайлардын биринде жумушчу болуп эмгектенип келген.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир айга убактылуу кармоо жайына киргизилди. Эми аны экстрадициялоо маселеси каралып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-pedofildikke-shektelgen-kishi-bishkekte-zhashyrynyp-zhrgn
Добавить комментарий ×