Түркия Бишкекке курган ооруканасын кыргыз тарапка берди

25 март 2020 15:05 1230 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкек шаарынын Фучик көчөсүнө курулган “Кыргыз-түрк” достугу ооруканасын КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин колдонуусуна берди.

Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги аталган оорукананы COVID-19 илдетин алдын алууда колдонот.

Бишкекке курулган аталган оорукана бардык тийиштүү жабдуулар менен жабдылган. Анын ачылышы болгону менен кайсы мамлекеттин башкаруусунда болот деген маселе ачык бойдон калып келган.

Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече жолу көтөрүлгөн.

25-мартка карата коронавирус жуккан жаңы учур аныкталбаганын кабарлады. Акыркы маалымат боюнча вирус 42 кишиден табылды.


Ссылка: https://barometr.kg/trkiya-bishkekke-kurgan-oorukanasyn-kyrgyz-tarapka-berdi



Добавить комментарий